• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда акыркы суткада 7 миң 798 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 7 миң 798 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1276, Алматы шаарында – 1507, Шымкент шаарында – 532, Акмоло облусунда – 278, Актөбе облусунда - 416, Алматы облусунда - 300, Атырау облусунда - 470, Чыгыш-Казакстан облусунда – 259, Жамбыл облусунда – 145, Батыш-Казакстан облусунда - 161, Караганда облусунда - 1144, Костанай облусунда - 271, Кызылорда облусунда – 219, Мангистау облусунда - 213, Павлодар облусунда - 329, Түндүк-Казакстан облусунда - 170, Түркстан облусунда – 108 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 672 миң 322 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий