• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстанда Алматы - Чолпон-Ата унаа жолун куруу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Казакстанда Алматы - Чолпон-Ата унаа жолун куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу маалымат Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-октябрда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, Алматы - Чолпон-Ата унаа жолун куруу, эки мамлекеттин борбор шаарларынын ортосунда түз аба каттамдарын жана Казакстандын аймагы аркылуу Россиядан Кыргызстанга келчү темир жол каттамын жандантуу боюнча маселелер талкууланды.

Өзгөчө көңүл Кытайдан Кыргызстанга Казакстандын аймагы аркылуу жүктөрдү транзиттик өткөрүү маселесине бурулду.

Министр Бейбут Атамкулов Дастан Дюшекеевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий