• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда авиакеросиндин тартыштыгынан каттамдар үзгүлтүккө учуроо коркунучунда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Орусиядан авиакеросин ташуунун токтоп калуу ыктымалдуулугу жана Шымкент мунай кайра иштетүү заводундагы пландык иштерге байланыштуу Казакстанда туруктуу аба байланышы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

«Эйр Астана» авиакомпаниясы билдиргендей, Казакстан авиакеросинди негизинен орусиялык «Газпромнефть», «Роснефть», «Лукойл» жана «Татнефть» компанияларынан сатып алат. Бул компаниялардан импорттолгон авиакеросиндин көлөмү 2016-жылы айына орто эсеп менен алганда 44 миң тонна болсо, 2017-жылы айына 15 миң тоннага чейин азайган.

Бул компаниялар Орусия базарларында суроо-талаптын жогору болушуна байланыштуу алдыдагы айларда керосин сатарын али ырастай элек. «Эйр Астана» маалымдагандай, «Газпромнефть» 2018-жылдын май айынан эрте экспорт калыбына келтирилбей турганын эскерткен. 2017-жылы жарандык авиация 800 миң тонна авиакеросин сураса, анын 241 миң тоннасын гана Шымкент мунай кайра өндүрүү заводу камсыздаган.

Казакстанда жарандык ациациянын 70% Орусия күйүүчү майынан көз каранды.

Пикир

Оставить комментарий