• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда автоунаасы бузулуп жолдо калган 19 кыргыз жараны куткарылды

Коом 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Казакстандын Павлодар облусунда суукта калган 19 кыргыз жараны куткарылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети кабарлады. Алар Кыргызстандан Россияга бара жатышкан.

9-декабрда Павлодар–Омск автожолунда "Ford Transit" кичи автобусунун дизель күйүүчү майы тоңуп, жүргүнчүлөрү менен суукта жолдо калган.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин куткаруучулары суукта калган кыргызстандыктарды Теренколь айылынын мектебине жеткирип, ысык тамак беришкен.

Жалпысынан автоунаанын ичинде 19 адам болгон, анын үчөө – жаш балдар.

Маалым болгондой, кичи автобус оңдолуп, өз жолун улаган.

Эске салсак, 1-декабрда Казакстандын Караганда облусунда суукта калган 8 кыргыз жараны куткарылган.

Пикир

Оставить комментарий