• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстанда азык-түлүк кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Казакстанда пияз, сабиз, картошка, күрүч жана биринчи сорттогу ундун баасы кымбаттады. Бул тууралуу 20-августта экономика министри Руслан Даленов билдирди.

Улуттук экономика министринин маалыматы боюнча, орто эсеп менен пияз 79%, сабиз 59,3%, картошка 32,9%, күрүч 23,8%, биринчи сорттогу ун 14,3% кымбаттаган. Ал бааны базарлар жана дүкөндөр жогорулатып жатканын кошумчалады:

– Базардагы баа өндүрүүчүлөрдүн жана импорттун баасына караганда кыйла кымбат. Маселен, өндүрүүчүлөр сабизди 67 теңгеден (0,17 доллар) сатса, анын базардагы баасы 151 теңге (0,4 доллар).

Маалыматтарга караганда, баа Нур-Султанда өзгөчө кымбаттаган. Маселен, сабиз 2,4%, пияз 85,5%, картошка 84,4%, күрүч 21,6%, ун 20,8% өскөн.

Соода жана интеграция министри Бакыт Султановдун айтымында, өндүрүштүн жолго коюлбаганы, ортомчулардын көптүгү, сактоо шарттарынын сакталбаганы кымбатчылыкка себеп болду. Министр буга Россия экономикасынын таасири да тийип жатканын кошумчалады:

– Евразиялык экономикалык биримдигинин орток базарындагы баа дагы таасир этүүдө. Орусияда баа өскөндүктөн, бизде да кымбатчылык болууда.

Өкмөт инфляция көлөмүн 4%дан 6%га чейин кармап туруу үчүн эл эң эле көп колдоно турган 10 азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөп турууга убада берди. Алар – пияз, сабиз, картошка, кызылча, күрүч, ун, уй, кой, жылкы эти жана нан.

Пикир

Оставить комментарий