• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда бүгүндөн тартып карантин чаралары акырындык менен жумшара баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова 17-августтан тартып карантин чараларын акырындык менен жумшартуу боюнча токтом кабыл алды.

Документке ылайык, Казакстанга кирүү учурунда Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Грузия, Тайланд, Венгрия, Индия, Германия, Чехия, Малайзия, Бириккен Араб Эмираты, Беларус, Түркия, Египет, Украина, Нидерланды жана Орусиядан келе жаткан жүргүнчүлөр ПЧР-тесттин жыйынтыгы боюнча маалымкат көрсөтүшпөйт. Алардын дене табы өлчөнүп, анкета гана толтурулат.

Польша, Өзбекстан, Тажикстандан келген жүргүнчүлөр ПЧР-тест тууралуу маалымкат көрсөтүшү керек. Эгер тест жок болсо, жүргүнчүлөр 48 саатын ичинде анализ тапшырып же 14 күн үй карантининде болушат.

Казакстан келерки аптадан тартып Бириккен Араб Эмираты, Беларус, Германия, Нидерланды, Египет, Украина жана Орусия менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүүнү пландоодо. Түркия бийлиги июлдун башында Анталияга бараткан бир каттамдагы төрт жүргүнчүдөн коронавирус аныкталгандан кийин казакстандык жарандардын өлкөгө киришин чектеген. Түркия Казакстан менен аба каттамдарын 1-сентярдан тартып калыбына келтирүүнү пландоодо.

Казакстан бийлиги вирус жуктурган учурлар азайганына байланыштуу 17-августта карантин чараларын жумшарта баштаган.

Казакстанда март айынан бери 102 696 кишинин коронавирус жуктурганы лабораториялык түрдө тастыкталган жана 1 397 киши өлгөн. Августтун алгачкы 15 күнүндө 18 465 адам вирустук пневмонияга кабылганы аныкталган, 216 киши кайтыш болгон.

Пикир

Оставить комментарий