• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда башка динге өтүп кеткени үчүн аялына бычак сайган жаран кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. 14-ноябрда укук коргоо органдары аялына канжар урган Түштүк-Казакстан облусунун Сайрам айлынын жашоочусун кармады. Маалыматтарга караганда, Хайрулла Норметов аялы христиан динин кабыл алган үчүн кол салган. Ал киши өлтүрүү аракети үчүн айыпталууда.

34 жаштагы Хайруллой Норметов аялы исламдан баш тартып христиан динин кабыл алганы үчүн бычак урганын Whatsapp месенжери аркылуу досуна жөнөткөн видеодо билдирген.

"Бычакты матыра сайдым. Өлсө өлөт. Менин аялым биздин ишенимибизди орустардыкына алмаштырды. Канча аракет кылсам дагы, ал кайтып келген жок. “Жогол, билгениңди кыл” дейт, мына кылдым. Мен Кудай алдында ант бергем, ошол убадамды аткардым деп үмүттөнөм..."–деген киши видеодо бычагын дагы көрсөткөн.

Норметов аялын бөйрөк тушка сайып, андан соң окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда ага карата кылмыш иши козголду.

Полициянын маалыматы боюнча окуя 12-ноябрда болгон. Жабырлануучу көп кан жоготуп, бир бөйрөгүн алдырган. Учурда абалы туруктуу оор катары бааланууда.

Жабырлануучунун туугандары Норметов экстремисттик агымдардын таасири алдында жүргөнүн белгилешти.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий