• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда бир күн ичинде коронавирус жуктурган 450 учур катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Казакстанда бир күн ичинде коронавирус жуктурган 450 учур катталганын “Казинформ” агенттиги билдирди.

Ага ылайык, Нур-Султан шаарында 101, Атырау облусунда 69, Караганда облусунда 59, Батыш Казакстан облусунда 44, Шымкент шаарында 32, Алматы шаарында 31, Кызылорда облусунда 31, Маңгыстау облусунда 17, Чыгыш Казакстан облусунда 16, Акмола облусунда 14, Түркестан облусунда 9, Алмата облусунда 8, Түндүк Казакстан облусунда 5, Костанай облусунда 5, Актөбе облусунда 5, Жамбыл облусунда 3 жана Павлодар облусунда бир жаран илдетке кабылган.

Ал эми сутка ичинде ооруканадан 184 адам айыгып чыкты. Коронавирустун кесепетинен 3 адам каза болду. Казакстанда жалпы илдетти 11 миң 308 адам жуктурса, алардын 5 миң 404ү айыкты. Каза болгондордун саны 41.

Пикир

Оставить комментарий