• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда бир суткада 1 144 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 144 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 222, Алматы шаарында - 126, Шымкент шаарында – 58, Акмоло облусунда - 48, Актөбе облусунда - 30, Алматы облусунда - 64, Атырау облусунда - 69, Чыгыш-Казакстан облусунда - 79, Жамбыл облусунда - 32, Батыш-Казакстан облусунда - 89, Караганда облусунда - 160, Костанай облусунда - 35, Кызылорда облусунда - 10, Мангистау облусунда - 45, Павлодар облусунда - 41, Түндүк-Казакстан облусунда - 17, Түркестан облусунда – 19 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 397 миң 976 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий