• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстанда бир суткада 1145 адамдан коронавирус табылды

Коом 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 145 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында -343, Алматы шаарында - 109, Шымкент шаарында – 31, Акмоло облусунда - 37, Актөбе облусунда - 25, Алматы облусунда - 41, Атырау облусунда - 62, Чыгыш-Казакстан облусунда - 76, Жамбыл облусунда - 15, Батыш-Казакстан облусунда - 84, Караганда облусунда - 150, Костанай облусунда - 33, Кызылорда облусунда - 26, Мангистау облусунда - 39, Павлодар облусунда - 41, Түндүк-Казакстан облусунда - 21, Түркестан облусунда – 12 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 405 миң 209 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий