• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстанда бир суткада 2 267 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 267 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 386, Алматы шаарында - 510, Шымкент шаарында - 79 Акмоло облусунда - 137, Актөбе облусунда - 72, Алматы облусунда - 140, Атырау облусунда - 87, Чыгыш-Казакстан облусунда - 97, Жамбыл облусунда - 33, Батыш-Казакстан облусунда - 109, Караганда облусунда - 318, Костанай облусунда - 38, Кызылорда облусунда - 36, Мангистау облусунда - 60, Павлодар облусунда - 105, Түндүк-Казакстан облусунда - 23, Түркестан облусунда – 37 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 368 миң 748 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий