• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда бир суткада 2440 кишиден коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Казакстанда бир суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 440 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 446, Алматы шаарында - 717, Шымкент шаарында - 72, Акмоло облусунда - 101, Актөбе облусунда - 116, Алматы облусунда - 254, Атырау облусунда - 149, Чыгыш-Казакстан облусунда - 49, Жамбыл облусунда - 38, Батыш-Казакстан облусунда - 110, Караганда облусунда - 169, Костанай облусунда - 33, Кызылорда облусунда - 43, Мангистау облусунда - 33, Павлодар облусунда - 38, Түндүк-Казакстан облусунда - 49, Түркестан облусунда – 23 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда пандемия башталгандан тарта бардыгы болуп 263 миң 943 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий