• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда бир суткада 2641 кишиден коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 641 адамдан аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 650, Алматы шаарында - 657, Шымкент шаарында - 111, Акмоло облусунда - 85, Актөбе облусунда - 109, Алматы облусунда - 220, Атырау облусунда - 113, Чыгыш-Казакстан облусунда - 95, Жамбыл облусунда - 38, Батыш-Казакстан облусунда - 117, Караганда облусунда - 202, Костанай облусунда - 28, Кызылорда облусунда - 65, Мангистау облусунда - 52, Павлодар облусунда - 45, Түндүк-Казакстан облусунда - 26, Түркестан облусунда – 28 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 278 миң 695 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий