• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстанда бир суткада 2656 кишиден коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 656 адамдан аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 601, Алматы шаарында - 673, Шымкент шаарында - 119, Акмоло облусунда - 90, Актөбе облусунда - 120, Алматы облусунда - 232, Атырау облусунда - 117, Чыгыш-Казакстан облусунда - 106, Жамбыл облусунда - 40, Батыш-Казакстан облусунда - 112, Караганда облусунда - 201, Костанай облусунда - 28, Кызылорда облусунда - 75, Мангистау облусунда - 35, Павлодар облусунда - 43, Түндүк-Казакстан облусунда - 42, Түркестан облусунда – 22 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 281 миң 351адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий