• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда бир суткада 2719 кишиден коронавирус аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 719 адамдан аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 436, Алматы шаарында - 665, Шымкент шаарында - 114, Акмоло облусунда - 98, Актөбе облусунда - 206, Алматы облусунда - 251, Атырау облусунда - 110, Чыгыш-Казакстан облусунда - 85, Жамбыл облусунда - 46, Батыш-Казакстан облусунда - 205, Караганда облусунда - 220, Костанай облусунда - 30, Кызылорда облусунда - 35, Мангистау облусунда - 80, Павлодар облусунда - 50, Түндүк-Казакстан облусунда - 35, Түркестан облусунда – 53 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 289 миң 720 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий