• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда бир суткада 2883 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 883 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 584, Алматы шаарында - 695, Шымкент шаарында - 114 Акмоло облусунда - 140, Актөбе облусунда - 128, Алматы облусунда - 185, Атырау облусунда - 110, Чыгыш-Казакстан облусунда - 92, Жамбыл облусунда - 79, Батыш-Казакстан облусунда - 153, Караганда облусунда - 258, Костанай облусунда - 25, Кызылорда облусунда - 77, Мангистау облусунда - 62, Павлодар облусунда - 112, Түндүк-Казакстан облусунда - 27, Түркестан облусунда – 42 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 316 миң 965 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий