• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда бир суткада коронавирус жуктурган 1 472 жаңы учур катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Акыркы бир сутка ичинде Казакстанда 1 472 кишиден коронавирус аныкталды.

Расмий маалыматка ылайык, сутка ичинде Нур-Султанда 226, Алматыда 208, Чыгыш Казакстан облусунда 211 жана Караганда облусунда 107 киши вирус жуктурган. Өлкөнүн калган аймактарында илдетке чалдыккандардын саны 100гө жетпейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 87 664 кишиге жетти. Алардын ичинен 57 815 адам айыгып чыгып, 793 бейтап каза болду.

Күн мурун Казакстанда карантиндик чектөөлөр дагы эки жумага узартылган. Бийлик бул чечимин өлкөдө эпидемиологиялык абалдын курчуп кетүү ыктымалдыгы бар экендиги жана «чектөө чараларынын жакшы натыйжаларын сактап калуу» аракети менен түшүндүргөн.

Буга чейин 5-июлда киргизилген эки апталык карантиндин мөөнөтү 2-августка чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий