• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда бир суткада коронавирус жуктурган 2165 жаңы учур катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Казакстанда бир суткада коронавирус жуктурган 2142 жаңы учур катталып, 23 киши "коронавирустук пневмонияга" кабылды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 344 731ге жетип, 3928 бейтап көз жумду. Мындан тышкары 53 564 киши 2020-жылдын август айынан бери өзүнчө эсептеле баштаган «коронавирустук пневмонияга» (COVID-19дун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан бейтаптар) кабылып, алардын 832си каза болду.

Казакстанда 10-майга карата коронавируска каршы вакцинадан өткөндөрдүн саны 1,6 миллион кишиге жетти. Өлкөдө Россиянын «Спутник V», Казакстандын QazVac жана Кытайдын Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүлгөн Sinopharm вакцинасы колдонулууда.

Пикир

Оставить комментарий