• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда бир суткада коронавирус жуктурган 757 жаңы учур катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 757 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 181, Алматы шаарында - 65, Шымкент шаарында – 4, Акмоло облусунда - 36, Актөбе облусунда - 6, Алматы облусунда - 30, Атырау облусунда - 27, Чыгыш-Казакстан облусунда - 67, Жамбыл облусунда - 22, Батыш-Казакстан облусунда - 33, Караганда облусунда - 161, Костанай облусунда - 33, Кызылорда облусунда - 15, Мангистау облусунда - 7, Павлодар облусунда - 47, Түндүк-Казакстан облусунда - 5, Түркестан облусунда – 18 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 402 миң 996 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий