• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда бир суткада коронавирустан сегиз киши каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.02.21. /Кабар/. Казакстанда бир суткада COVID-19 вирусун жуктурган 1 146 учур катталды. Дагы 69 киши "коронавирустук пневмонияга" учураганы аныкталды.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 195 112ни түздү. Пандемия башталгандар бери өлкөдө бул илдеттен 2 595 киши өлдү, соңку суткада сегиз адам көз жумду.

Өлкө "коронавирустук пневмонияга" чалдыккандардын жана андан өлгөндөрдүн статистикасын былтыр 1-августтан баштап гана жүргүзүүдө. Бул убакыт аралыгында вирустук пневмонияга 48 295 киши чалдыгып, 579 адам каза болду.

Ушул тапта 27 107 адам дарыланып жатат, 269 бейтаптын саламаттыгы начар, дагы 48 бейтап өтө оор абалда, 42 киши ИВЛ аппаратына туташтырылган.

Пикир

Оставить комментарий