• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстанда бомба тууралуу билдирүүдөн улам алты мектепте алгачкы коңгуроо кагылган жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. 1-сентябрда Казакстандын Актөбө шаарындагы алты мектепте алгачкы коңгуроо кагылган жок. Буга аталган окуу жайларда "бомба бар экени" тууралуу билдирүүлөр себеп болду.

Актөбө облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Жолдас Батырхандын айтымында, бомба тууралуу маалымат шаардагы №2 мектептин электрондук почтасына жөнөтүлгөн.

— Маалымат жалган болуп чыкты. Бул окуядан улам быйыл 1-класстардын миңден ашык окуучусу алгачкы коңгуроо салтанатына катыша албай калды, — деди Батырхан.

Электрондук почтага жөнөтүлгөн катта шаардагы дагы беш мектепте да бомба бар экени жазылган. Кабар келген маалда жогорку класстарда сабактар болуп жаткандыктан, окуучулар менен мугалимдер шашылыш түрдө эвакуацияланган.

Актөбө полициясы "Терроризм актысы тууралуу жалган маалымат таратуу" беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталып, шектүү изделип жатканын кабарлады.

Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл Казакстанда 3,6 миллион бала алгачкы жолу мектеп босогосун аттаса, алардын 18 миңи Актөбө облусуна туура келет.

Пикир

Оставить комментарий