• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда борбор шаардын мурдагы аталышы жазылган документтер жарактуу болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 25.03.19 /Кабар/. Казакстанда борбор шаардын мурдагы аталышы жазылган документтер жарактуу бойдон калат. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги билдирди.

«Борбор шаардын аталышын өзгөртүү жарандарды кыймылсыз мүлктөрдүн документтерин алмаштырууга милдеттендирбейт. Андай документтерге сатуу жана сатып алуу келишимдери, белек катары тартуу кылуу кагазы, курулуп бүткөн имараттарды кабыл алуу актылары, ошондой эле жарандык абалдардын актысын каттоого алуу, туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөр, никеге туруу сыяктуу башка кагаздар кирет», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекемеден кошумчалашкандай, ошол эле маалда Юстиция министрлигинин маалыматтык системаларындагы Астананын аталышы Нур-Султан шаарына автоматтык түрдө алмаштырылат.

23-мартта Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн борбор шаары Астананын аталышын Нур-Султан деп өзгөтүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий