• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда үч адам улут аралык кастыкты козутууга айыпталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Казакстандын Башкы прокуратурасы улут аралык кастыкка үндөп, башка улуттарга күч колдонгон үч адамдын тек жайы аныкталганын 12-февралда билдирди.

Башкы прокурордун орун басары Булат Дембаев буларды айтты:

«Алматы шаарынын тургуну "Фейсбук" аркылуу элди улут аралык кастыкка тукурган. Тараз шаарынын тургуну "Вотсап" аркылуу улут аралык чатакка үндөгөн».

Башкы прокуратура шектүүлөр кармалганы же издөөдө жүргөнү тууралуу маалымат бере элек.

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда 7-февралда этнос аралык чыр чыккан. Чатакта он адам каза болуп, жүздөн ашык адам жаракат алган. 30 турак үй, 15 соода жайы жана 23 машине өрттөлгөн. Миңдеген дунгандар Кыргызстанга качып өтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий