• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда үч жогорку окуу жай аккредитациядан ажыратылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги үч жогорку окуу жай постаккредитациялык мониторингден өтүүдөн баш тартканы үчүн алардын аккредитациясын чакыртып алды.

Расмий маалыматка караганда, Казакстандын көз карандысыз аккредитация борбору Актау гуманитардык-техникалык универститетине жана «Астана» университетине билдирүү жөнөткөн. Билдирүүдө бул окуу жайлар постаккредитациялык байкоо жүргүзгөнү келген эксперттерди кабыл албай койгону айтылат. Соттук териштирүүлөр 2019-жылдан бери уланууда.

Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги (НААР/IAAR) Борбор Азия университетин да ушундай эле жүйө менен аккредитациядан ажыратты.

Аталган жогорку окуу жайларда билим берүү тармагында көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталганы, билим берүү программалары кайра иштеп чыгууга муктаж экенин айтылууда.

Быйыл февралда Казак медициналык үзгүлтүксүз билим берүү университети да «мыйзамдарды олуттуу түрдө бузганы үчүн» лицензиядан ажыратылган. Былтыр күзүндө Билим берүү жана илим министрлиги Алматыдагы Тынышпаев атындагы транспорт жана коммуникация академиясы менен Чымкенттеги Куатбеков атындагы Элдердин достугу университетинин лицензиясын алып койгон.

Казак мыйзамдары боюнча лицензиясы жана аккредитациясы жок жогорку окуу жайлар диплом бере алышпайт.

Пикир

Оставить комментарий