• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 68 кишиге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Казакстандын борбору Нур-Султанда коронавирус жуктурган дагы бир учур катталды.

Ушул тапта Казакстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 68 кишиге жетти. Нур-Султанда – 35, Алматыда – 29, Карагандыда – 2, Алматы жана Актөбө облустарында бирден адам эмделүүдө.

Алматы акимчилиги видеокамералардын жардамы менен көзөмөлдү күчөтүп, санитардык тазалоо иштерин камсыздап, калкты тейлөө борборлорун убактылуу жабууга ниеттенүүдө.

Мындан тышкары чет өлкөдөн келгендерди толук изоляцияга алуу, өзгөчө абалга байланыштуу кирешесинен ажыраган жарандарга жөлөк пул төлөп берүү, калктын аярлуу катмарын азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси колго алынат.

24-мартка карата дүйнө жүзү боюнча 382 миңден ашык киши коронавирусту жуктуруп алды. Өлгөндөрдүн саны 16 миңден ашты, 100 миңден көп адам айыкты.

Пикир

Оставить комментарий