• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда COVID-19 жуктурган адамдардын саны 1 480ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Казакстанда 17-апрель түшкө карата дагы 10 кишиде коронавирус табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссиясынын штабы кабарлады.

Жаңы учурлар Нур-Султан шаарында, Актөбө жана Түркстан облустарында катталды. Ушуну менен Казакстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 1480ге жетти. Алардын ичинен 17си каза болуп, 285 киши айыкты.

Буга чейинки маалыматтарга ылайык, илдетти жуктуруп алгандардын арасында 200дөн ашык медицина кызматкери бар.

16-апрелде Нур-Султан шаардык коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Сауле Кисикова калаадагы карылар үйүндө вирус жуктуруп алгандардын саны 18ге жеткенин билдирген. Анын айтымында, жалпысынан 380 адам текшерүүдөн өткөн. Алардын 306сын карылар үйүндө жашагандар, калганын кызматкерлер түзөт. «Жыйынтыгында 18 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 10у ал жерде жашагандар, сегизи кызматкерлер», — деди Кисикова.

Пикир

Оставить комментарий