• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Казакстанда COVID-19дун жайылышы боюнча "кочкул кызыл" аймактар пайда болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Казакстандын башкы санитардык дарыгери Ерлан Киясов коронавирустун жайылышы өтө кооптуу болуп жаткан аймактарды “кочкул кызыл” катары белгилөө жөнүндө токтомго кол койду.

Буга байланыштуу “кочкул кызыл” аймактарда Ashyq системасы (кишилердин COVID макамын аныктаган тиркеме) менен жумуш иштеген ишкерлик субъектилер 2-августтан баштап дем алыш күндөрү иштешпейт.

9-августтан баштап “кочкул кызыл” аймактарда ушул эле системаны колдонгон объектилерге түнкү саат 24:00гө чейин, калгандарына 22:00гө чейин иштөөгө уруксат берилет.

Мурда вирустун таралышы кызыл, сары жана жашыл аймак деп бөлүнгөн. Азыр Түркстан облусунан башка аймактар “кызыл” зонада. Нур-Султанда инфекциялык ооруканаларда орундардын 70 пайыздан ашууну толуп калды.

Алматы, Атырау, Чымкент жана Караганды шаарларында 2-августан баштап Ashyq тиркемесин колдонбогон бардык мекемелер кызмат көрсөтүүнү токтотот. Бул тизмеге мамлекеттик мекемелер, укук коргоо органдары, саламаттык сактоо мекемелери, ЖМК, азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканалар кирбейт.

29-июлдагы маалыматка ылайык, Казакстанда бир суткада 7500 кишиден вирус аныкталып, 97 адам өлгөн.

Пикир

Оставить комментарий