• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда дайынсыз жоголгон кыргызстандыктын буту жана кабыргасы сынган абалда табылды

Коом 0


Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Казакстанда жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун эки буту жана үч кабыргасы сынган абалда табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев билдирди.

Дюшекеев Сыдыковдун жакындары менен байланышканын жана ал эртең Бишкекке жөнөтүлөрүн белгиледи.

"Ал учурда досунун үйүндө. Ал өзүнөн арыз жана ур-токмокко кабылганын жана сөөктөрүнүн сынганын дароо каттоого алууну суранды. Видеодо ал полиция кызматкерлери документтерди текшерип жатканда адамдарды сабаганын айтат", - дейт дипломат.

Видео соцтармактан алынды.

Пикир

Оставить комментарий