• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда дене табы жогору жарандар шайлоо күнү кантип добуш бере турганы айтылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Казакстанда 10-январда өтө турган парламенттик шайлоо күнү дене табы жогору болгон жарандар үчүн добуш берүүчү өзүнчө бөлмөлөр ачылат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү брифинг маалында билдиришти.

"Шайлоо тилкелеринде кире бериште милдеттүү түрдө жарандардын дене табы текшерилет. Температурасы жогору болгондор добушканаларга киргизилбейт. Бирок алар үчүн ошол эле имаратта өзүнчө бөлмө болот, ошол жерде добуш беришсе болот", - деди министрликтин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин төрайымы Айжан Есмагамбетова.

Жаңы жылдын алдында Алматы шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Жанна Асанова шайлоо күнү калаанын дене табы жогору болгон тургундары добушканаларга киргизилбей турганын билдирген.

Мыйзамдарга ылайык, эгер шайлоочу ден соолугуна, же ооруп жаткан үй-бүлө мүчөсүн карап жатканына, же шарты оор аймактарда жашаганына байланыштуу добушканаларга бара албаса, добуш берүү күнү саат 12:00гө чейин аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышы керек болот. Мындан соң алар үчүн үйүнө барып добуш берүү уюштурулушу шарт.

Ошол эле маалда шайлоо күнү саат 12ден кийин дене табы жогору экени аныкталган жарандар кандай добуш бере турганы азырынча белгисиз бойдон калууда.

Өз кезегинде көз карандысыз байкоочулар дене табы жогору жарандар добуш бере турган бөлмөлөрдө кантип байкоо жүргүзүлөрүн билишпейт.

«Бийликтин бардык аракеттерин мыйзамсыз деп эсептейм. Анткени Конституциянын 33-беренесинде жарандарга добуш берүү жана шайлануу укуктары кепилденген. Мындан тышкары «Шайлоолор тууралуу» конституциялык мыйзам бар. Бийликтин кошумча бөлмөлөрдү ачуу, адамдардын дене табын текшерүү аркылуу чектөө киргизүү аракеттеринин баары мыйзамсыз. Азыр түшүнүктөрдү алмаштыруу болуп жатат. Бийлик БШКнын, санитардык дарыгерлердин мыйзамсыз токтомдоруна таянып, ошол эле маалда укуктун эң башкы принциптеринин бирин унутуп коюуда — төмөн жакта турган актылар жогору жактагы актыларга каршы болбошу керек. Ошондуктан жарандардын укуктарын чектөө үчүн өзүнчө мыйзам кабыл алынышы керек. Мындай мыйзам жок болгондуктан, бийликтин бардык аракеттери мыйзамсыз, - деди конституциялык укук боюнча юрист Акиф Сулейманов.

Пикир

Оставить комментарий