• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Казакстанда Денис Тенди өлтүрүүгө шектелгендердин экинчиси кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин экинчиси кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин 20-июль күнү кечинде тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүгө ылайык, кармалган жаран Арман Кудайбергенов аттуу 23 жаштагы Кызылордо облусунун тургуну.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Алматынын Аксай кичирайонунда өткөрүлгөн рейд маалында колго түшүрүлгөн.

Буга чейин көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмү фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан сотко чейинки тергөө иштери башталганы кабарланган.

20-июлда Тенди бычактагандардын дагы бири, 1994-жылы туулган Нуралы Киясов кармалганын Алматы шаардык прокуратурасы билдирген. Ал адвокатынын катышуусунда берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Денис Тен — Сочидеги кышкы Олимпиада оюндарынын коло жана дүйнө биринчилигинин эки медалынын ээси. Аны 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий