• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда депутаттар менен министрлердин маянасы беш жыл жогорулабайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. 11-январда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жаңы өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда министр, депутат жана аймак жетекчилеринин маянасын көбөйтүүгө беш жылдык мораторий жарыялады.

Президент аткаминерлерге ансыз да жакшы төлөнүп жаткандыктан, ушундай чечим кабыл алганын билдирди.

Токаев өз сөзүндө чиновниктерди эл менен сүйлөшүү шыктарынын жоктугуна айыптады. Анын айтмында, өкмөт мүчөлөрү ырааттуу түрдө облустарды кыдырып, облус башчылары эл менен дайыма жолугушууларды өткөрүп турушу керек.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаев парламентте сүйлөп жатып мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевди сынга алган.

«Биринчи президенттин, «Элбасынын» арты менен өтө кирешелүү компаниялар жана эл аралык деңгээлдеги ашынган байлардын катмары пайда болгон»,- деген Токаев.

Пикир

Оставить комментарий