• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстанда депутаттарга түз кайрылууга мүмкүндүк берген сайт ишке кирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Казакстанда шайлоочулар үчүн депутаттарга түз суроо берүүгө мүмкүндүк түзгөн Salemdeputat.kz сайты ишке кирди.

Долбоорду ишке ашырган Zertteu Research Іnstitute коомдук фондунун маалыматына караганда, жарандар сайт аркылуу облустук маслихаттардын же парламенттин депутаттарына электрондук кат жөнөтө алышат.

"Долбоордун максаты депутаттар менен шайлоочулардын ортосунда кайтарым байланыш түзүү жана жарандардын бюджет маселесиндеги активдүүлүгүн жогорулатуу. Жыл сайын күзүндө депутаттар кийинки жылга бюджеттин долбоорун карашат. Бирок бул процесске шайлоочулар көп кызыкпайт. Бюджет салык төлөөчүлөрдүн акчасынан түзүлүп жаткандыктан, алардын пикирин жана каалоосун эске алуу менен кабыл алынышы керек. Депутаттар шайлоочулардын көйгөйүн угуп, жыйындарда талкуулашы зарыл. Ошондуктан жарандар өз каалоолорун, талаптарын айтсын деп ушул долбоорду ишке ашырдык", - деди фонддун өкүлү Галымжан Оразымбет.

Анын айтымында, эгер депутат суроолорго жооп бербесе, бул анын ачыктыгынын жана шайлоочунун алдындагы жоопкерчилигинин көрсөткүчү болот.

"Колдонуучу сайттагы тизмеден депутаттардын бирин тандап, ага кат жөнөтөт. Ал депутаттын электрондук почтасына барат. Өз кезегинде шайлоочу өзүнүн байланыш даректерин калтырышы керек", — деди Оразымбет.

Долбоордун өнөктөштөрү Укуктук Медиа-борбору, Factcheсk.kz, Казакстан жаштарынын маалыматтык кызматы, Социум-Зерттеу, Медианет жана Фонд Сорос-Казакстан.

Пикир

Оставить комментарий