• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда доллар дагы кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Нур-Султанда айрым акча алмаштыруу жайларында жума, 20-мартта бир доллардын куну 465 теңге болду.

Kurs.kz сайтынын кабарлашынча, Алматы менен Нур-Султандагы валюта алмаштыруу жайларында бир доллар 457 теңгеге сатылып жатат. Доллардын расмий баасы – 448,5 теңге.

9-марттан бери акча алмаштыруу жайларында теңгенин куну долларга карата 16 пайызга төмөндөдү. Алматы жана Нур-Султандагы көптөгөн акча алмаштыруу жайларында чет өлкөлүк валюталар сатылбай жатат.

Казакстан фондулук биржасы (KASE) 20-мартта доллардын орточо баасы 444,8 теңгени түзгөнүн маалымдады.

Эки күндөн бери биржадагы соода «франкфурт аукциону» менен жүрүүдө.

Казак бийлиги теңгенин курсуна таасирин тийгизген тышкы жагдайлар катары дүйнөлүк финансы рыногундагы өзгөрүүлөрдү, мунай баасынын төмөндөшүн жана орус рублинин арзандашын атаган.

Пикир

Оставить комментарий