• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда ЕАЭБ түзүлүшүнүн беш жылдыгына карата коллекциялык тыйындар чыгарылды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. Казакстандын Улуттук банкы Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлүшүнүн беш жылдыгына карата коллекциялык тыйындарды чыгарды. Бул тууралуу Казак телеграф агенттиги жазат.

"Евразиялык экономикалык биримдик. 5 жыл" коллекциялык алтын тыйындары 50 миң теңге (20 даана), 500 теңге (500 даана) жана күмүш тыйын 500 теңге (1,5 миң даана) номиналында чыгарылган.

Тыйындардын бир бетинде Казакстандын герби, экинчи бетинде, ортодо ЕАЭБдин эмблемасы жана аны курчап биримдикке мүчө мамлекеттердин туулары тартылган.

Пикир

Оставить комментарий