• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда эки аткаминер тик учак сатып алуудагы коррупцияга айыпталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. Казакстанда ИИМдин өзгөчө кырдаалдар комитетинин «Казавиакуткаруу» ишканасынын башкы директору пара алуу шеги менен камалды.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу ишмердүүлүгүнө катышы бар ишкананын башчысы Малик Досымбеков 13-июлда МИ-171Е үлгүсүндөгү тик учактарды алуу боюнча келишимге кол коюу үчүн чет өлкөлүк компаниянын жетекчилигинен пара алып жаткан маалда кармалган. Бул тууралуу Коррупцияга каршы аракеттенүү бюросу тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка караганда, Досымбеков менен бирге Айыл чарба министрлигинин «Казавиатокойкоргоо» ишканасынын башкы директору Толеугазы Сексенбаев дагы кармалды.

Билдирүүдө паранын көлөмү 100 миң доллар экени айтылат. Соттун санкциясы менен аткаминерлер камалды, тергөө иштери башталды.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий