• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда эл каттоого 20 млн доллар бөлүндү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.08.21./Кабар/. Казакстанда эл каттоо 1-сентябрдан 30-октябрга чейин жүргүзүлөт. Жашоочуларга жашы, жынысы, улуту гана эмес, туткан дини, нике абалы, жумушу, чет тилди билүү деңгээли жана чет өлкөгө көчүү планы бар-жогу тууралуу суроолор суралат.

Бул тууралуу 17-августта Улуттук статистика бюросунун башчысы Нурболат Айдапкелов билдирди.

Респонденттерге ден соолугу – көрүү, угуу, басуу, эс тутум көйгөйлөрү жөнүндө да суроолор берилет.

Тизмеге респондент коронавирус инфекциясы менен ооруган-оорубаганы, эмдөө алган-албаганы жөнүндө суроолор да киргизилди.

Эл каттоо үчүн бюджеттен 9,1 миллиард теңге (21 миллион доллар) бөлүнгөн. Алардын ичинен 4,7 миллиард персоналдын айлык акысына жумшалат. Казакстанда эл каттоону 2019-жылы жүргүзүү пландалып, кийин мөөнөтү жылдырылган.

Казакстанда эл каттоо он жылда бир ирет болот. Буга чейинки каттоо 2009-жылы өткөн. Анын корутундусуна ылыйык, калктын саны 16 миллион 9 миң болгон.

Пикир

Оставить комментарий