• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

ЕАЭБ 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынынын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартиби, жалпы электрэнергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБдин алкагында мындан аркы интеграцияга тиешелүү төмөнкү документтерге кол коюшту:

  1. «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин ардактуу төрагасы жөнүндө» Чечим;
  2. «Евразиялык экономикалык биримдик жана Кытай Эл Республикасынын бажылык чек аралары аркылуу өткөн товарлар жана эл аралык ташуунун транспорттук каражаттары тууралуу маалымат алмашуу боюнча Келишимге кол коюу маселелери жөнүндө» Чечим;
  3. «Бир жагынан Евразиялык экономикалык биримдик жана анын мүчө мамлекеттери, экинчи жагынан Сербия Республикасы менен эркин соода-сатык аймагы жөнүндө Келишимге кол коюу маселелери жөнүндө» Чечим;
  4. 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол (Евразиялык экономикалык биримдиктин жалпы электрэнергетикалык рынокту түзүү бөлүгүндө);
  5. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда киреше бажы салыктарынын суммаларын бөлүштүрүү нормативдери жөнүндө тапшырма;
  6. Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун 5 жылдыгына байланыштуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрүнүн Биргелешкен билдирүүсү;
  7. ЕАЭБдин 2018-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө;
  8. «2019 — 2020-жылдарга карата Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө» Чечим;
  9. ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө;
  10. «Соода-сатыкты тейлөө, түзүү жана ишмердүүлүк эрежелери аркылуу каралган жоболордун аткарылышын Евразиялык экономикалык биримдиктеги мүчө мамлекеттердин 2017-2018-жылдары мониторинг кылуунун жыйынтыктары жөнүндө» Буйрук;
  11. «Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында айрым кызмат көрсөтүү тармактары боюнча либерализациялоо пландарын ишке ашыруу жөнүндө» Буйрук;
  12. 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол;
  13. Бирдиктүү принциптер жана табигый монополия субъектилеринин ишмердигин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө Протоколдун 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык маалыматтарды берүүнү жөнүндө« Буйрук (2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Макулдашууга № 20 тиркеме);
  14. Евразиялык экономикалык биримдигинин 2017-жылдын 11-апрелиндеги Бажы кодекси жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол;
  15. Евразиялык экономикалык биримдигинин бажылык аймагына ташылып келүүчү товарларды көзөмөлдөө механизми жөнүндө Макулдашуу;
  16. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдиги жөнүндө келишимди, Евразиялык экономикалык биримдигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кошулуусуна байланыштуу 2015-жылдын 8-майында кол коюлган Евразиялык экономикалык биримдигинин органдарынын актыларын колдонушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол;
  17. »Евразия экономикалык комиссиясынын чек ара рынокторундагы атаандаштыктын абалы жана алардагы атаандаштыктын жалпы эрежелерди бузууга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан 2018-жыл үчүн чаралар тууралуу жылдык отчет жөнүндө« Буйрук;
  18. ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатык келишимдерди түзүү жөнүндө: жетишилген натыйжалар жана керектүү чечимдер;
  19. »Евразиялык экономикалык биримдигинин өнөр жай саясаты боюнча Кеңеш жөнүндө« Чечим;
  20. »Евразиялык экономикалык биримдигинин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн« медаль менен сыйлоо жөнүндө» Чечим;
  21. ЕЭК Коллегиясынын мүчөсүнүн укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жана ЕЭК Коллегиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө Чечим;
  22. «Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында 2018-жылы тышкы аудитти (көзөмөлдү) жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» Чечим;
  23. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий