• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда көп балалуу энелер кайрадан турак-жай маселесин чечүүнү талап кылышууда

Коом 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. 15-апрелде 50 көп балалуу эне кайрадан Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине келишти. Алар турак-жай маселесин тезирээк чечүүнү талап кылышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы билдирди.

Көп балалуу энелер бийликтен баштапкы төгүмсүз турак-жай берүүнү талап кылышууда. Аялдар менен вице-министр Светлана Жакупова жолугушту. Ал энелердин талаптарын угуп, зарыл болсо алардан арызды өзү кабыл аларын билдирди.

– Мыйзам кабыл алуу керек. Мыйзамды ишке ашыруу үчүн бардык укуктук-нормативдик актылар даяр. Учура калкты иш менен камсыз кылуу борборлорунда документтер кабыл алынууда. Комиссия кошумча документтерди талап кылган учурлар катталган. Буга байланыштуу министрлик жергиликтүү аткаруу органдары менен иштеп жатат, – деди Жакупова.

11-апрелде көп балалуу энелер Нур-Султанда нааразылык акциясына чыгышкан. Алар социалдык жардам алуудагы көйгөйлөр боюнча арызданып, жөлөк пул алуу үчүн кошумча документтер талап кылынып жатканын айтышкан. Анда вице-министр бул маалыматты четке каккан.

Пикир

Оставить комментарий