• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстанда көп балалуу үй-бүлөлөр бийликтен жеңилдиктерди сурашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Казакстандын Караганды шаарында бийлик тарабынан уюштурулган жолугушууга жүздөн ашык көп балалуу үй-бүлөнүн өкүлдөрү катышты. Алар Караганды облусунун ар кайсыл шаарлары жана райондорунан келишкен.

Жолугушуунун жүрүшүндө чогулгандар социалдык жардам көрсөтүүдө киреше катары стипендиялар менен майыптарга берилчү жөлөкпулдар киреше катары эсептелбеши керектигин айтышты.

Мындан тышкары алар коммуналдык кызматтарга жеңилдиктерди сурап, балдар үчүн спорттук секцияларды, ийримдерди бекер кылуу, жөлөкпулдарды көбөйтүү жана балдары бакчага барганга чейин аларды бакканы үчүн ата-энелерге жөлөкпул төлөө талаптарын айтышты.

Ошондой эле баласы 18 жашка чыккандан кийин эмнеге энелердин «көп балалуу» деген макамы алына тургандыгы жөнүндө суроолор берилди. Алар бул куракты жок дегенде 21 жашка чейин көтөрүүнү суранышты. Мындан тышкары ата-энелер көп балалуу үй-бүлөлөргө турак-жай сатып алууну жеткиликтүү кылуу зарыл экенин белгилешти.

- Көпчүлүгү өздөрүнүн үйлөрүндө жашоого аргасыз, анткени мал-жан кармап, жашылча-жемиш өстүрүп жан багууга шарттар бар. Батирде болсо көп балалуу үй-бүлөлөр жашап кете алышпайт. Көбү көмүр сатып алышат. Бизге аз болсо да чыгымдарыбыздын бир бөлүгүн төлөп беришин суранам. Биз чектерин да көрсөтүп турууга даярбыз», — деди көп балалуу энелердин бири.

Чогулгандардын айрымдары бийликтин бул демилгесин колдоп, акимчиликтин Астана жана Алматыдагыдай нааразылык акцияларына жеткирбестен жолугушуу уюштурганына жакшы бааларын беришти.

Расмий маалыматтар боюнча, Караганды облусунда 9 372 көп балалуу үй-бүлө катталган.

Пикир

Оставить комментарий