• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда кайрадан башкы санитардык дарыгер алмашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.09.20./Кабар/. Казакстанда саламаттык сактоо министринин орун басары Ерлан Киясов өлкөнүн башкы санитардык дарыгери болуп дайындалды. Бул тууралуу расмий билдирүү казак өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

47 жаштагы Киясов 1990-жылдардын башында Алматыдагы тез жардам кызматынын реанимация бөлүмүндө санитардык дарыгер, андан кийин аба транспортунун санитардык-эпидемиологиялык станциясында эпидемиолог-дарыгер болуп эмгектенген. 1999-жылдан бери президенттик администрациянын медициналык борборунда санитардык дарыгер болуп иштеп келген.

Бул бир жылдын ичинде Казакстанда санитардык дарыгердин экинчи жолу алмаштырылышы. Быйыл май айында бул кызматта иштеп келген Жандарбек Бекшин иштен кетүү тууралуу арыз жазып, анын ордуна Айжан Есмагамбетова дайындалган. Азырынча Есмагамбетованын эмне себептен кызматтан кеткендиги кабарлана элек.

Казакстанда коронавирус пандемиясы күчөп, илдетке чалдыккандардын кескин көбөйүшү менен өлкөнүн саламаттык сактоо системасында бир топ өзгөрүүлөр болду. Ооруканаларда орундар жетишпей, дары-дармек тартыш болуп жатканда саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов кызматтан кетип, анын ордуна Алексей Цой дайындалган.

Кийинчерээк өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев май айында карантиндик чектөөлөр алынгандан кийинки бейтаптардын кескин көбөйүп кеткендиги үчүн жоопкерчиликти мекеменин «мурдагы жетекчилигине» жүктөгөн. Биртановдун тушунда министрдин орун басары болуп иштеген Олжас Абишев акча уурдоого шек саналып камакка алынган. Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлигине байланышы бар Социалдык-медициналык камсыздандыруу фонду менен мамлекеттик «СК-Фармация» компаниясынын топ-менеджерлери жумуштан алынган. Бийлик бул эки мекеменин ишмердүүлүгү боюнча тергөө иштери башталганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий