• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстанда калк арасындагы динчилдиктин деңгээли өсүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.09.17 /Кабар/. Казакстандын Дин иштери жана жарандык коом министри Нурлан Ермекбаев өлкөдө калк арасында динчилдиктин өсүүсү «диний маданияттын калыптанышынан ашып баратканын» билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлоодо.

Бүгүн парламенттеги өкмөттүк саатта сөз сүйлөгөн Нурлан Ермекбаев акыркы бир нече жылда жарандар арасындагы динчилдиктин деңгээлинин өсүүсү «диний догмалардын кабыл алынуусунан» жана «диний маданияттын туура калыптануусунан» ашып өткөнүн билдирди.

Министрдин айтымында, бул үй-бүлөдө жана мамлекетте карама-каршылыктардын пайда болушунун булагы болуп калууда.

Бийликтин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Казакстан жарандарынын 10 пайызы өздөрүн атеист деп эсептешсе, 75 пайызы динге ишенет, бирок диний ырым-жырымдарды аткарышпайт. Ал эми калктын 16 пайызы өздөрүн чыныгы динчил деп эсептешип, диний ырым-ырымдарды дайыма аткарып турушат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий