• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда кармалган видеодогу жаран Закир Юбуров эместигин анын агасы билдирди

Коом 0


Бишкек, 09.01.22. /Кабар/. Казакстанда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган видеодогу адам Закир Юбуров эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Закирдин агасы Тахир Юбуров билдирди.

Эскерте кетсек, мурдараак, Казакстандын ЖМКлары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан. Анын айтымында, 2-январда ал Алматыда болгон, аны батирге алып барышкан, ал жакта Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары да болгон.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана «Джаз_Бишкек_Весна» фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Андан соң Казакстандын ЖМКлары республиканын күч түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен кыргызстандык музыкант – Викрам Рузахунов тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын, видеодо кармалган адамдын аты-жөнү Закир Убуров экенин, ал 1990-жылы туулгандыгын жазып чыгышкан.

Кийинчерээк социалдык тармактарда кармалган адамдын агасы Тахир видеодогу адам Закир экендиги тууралуу маалыматтын чындыкка дал келбестигин билдирген.

“Кабар” агенттиги Закирдин агасы Тахир менен байланышты. Тахирдин айтымында, Закир Юбуров (казак ЖМКлары жазгандай Убуров эмес) Казакстанда 1,5 жылдан бери жашайт жана "Байсат" базарында идиш-аяк сатат.

“Биринчи видеодогу адам Закир эмес. Ал азыр кайда экенин билбейбиз. Ал жума күнү эле досу жана досунун үй-бүлөсү менен Кыргызстанга келмек. Бирок алардын бардыгын постто кармап, андан кийин досунун үй-бүлөсү – аялы менен балдары бошотулган, Закир менен анын досу эмне болгону белгисиз. Алар менен байланышыбыз үзүлүп калды”, - деп айтып беришти туугандары.

Тахир Юбуровдун социалдык тармактардагы видеосу

Пикир

Оставить комментарий