• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда кенде иштеген шахтер каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Караганды облусунда Казакмыс корпорациясынын «Жезказгантүстүүметалл» тоо-кен комплексине караштуу Түштүк-Жезказган кенинде шахтер каза тапты.

Маалыматтарга караганда, 26-сентябрда кенди тазалоо иштерин жүргүзгөн жумушчу ток уруп мерт кеткен. 1993-жылы туулган жаранды сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Компания бул окуяны кырсык деп атады.

Окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий