• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда Кичи Талдыкөлдүн 20 гектар аянты көлмө катары калат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Казакстандын экология, геология жана табигый ресурстар министри Сериккали Брекешев Талдыкөл аймагынын кеминде 20 гектары көлмө катары калат деп маалымдады.

"9-октябрда акимчилик менен жыйын өткөрдүк. Кичи Талдыкөл көлмө иретинде калууга тийиш деген орток чечимге келдик. Акимчилик көлмөнү чегин аныктайт. Азыр көл табигый түрдө соолуп жатат. Акимчилик аймакта рекреация аймагын курат. Көлгө жасалма жол менен суу жиберилет. Көлдүн түбүн тереңдетүү иштери да жүрөт", - деди министр.

Нур-Султанда Талдыкөлдү сактап калуу боюнча бир нече айдан бери талаш жүрүүдө. Акимчиликтин тапшырмасы менен ал жерде көлдүн жээги көмүлүп, турак жай комплекси курула баштаган. Экоактивисттер буга каршы чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий