• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда Конституция күнү белгиленүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.08.17 /Кабар/. Бүгүн Казакстанда 1995-жылы кабыл алынган Конституциянын урматына дем алыш күнү жарыяланды.

Конституциянын биринчи беренесинде Казакстан адам укуктарын, эркиндиктерин жана баалуулуктарын жогору койгон демократиялык, светтик, жана социалдык мамлекет экени жазылган.

Айрым талдоочулар Казакстан Конституциясын элдин тиреги, туруктуулуктун кепили деп сыпаттаса, кээ бири ал өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып, авторитардык режимге алып келди деп эсептейт.

Саясий атаандаштар Нурсултан Назарбаев жогорку бийликте отурган кезде Казакстан Конституциясын өзүнө ылайыкташтырып, толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүүнү адатка айландырганын белгилешүүдө. Маселен, 1998-жылы Баш мыйзамга 19 өзгөртүү киргизилип, 1999-жылы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөн. 2007-жылдагы түзөтүүлөргө ылайык, Нурсултан Назарбаевге президенттик шайлоого катышууга чектөөсүз укук берилген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий