• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда коронавирус жугузгандардын саны 759га жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 9-апрелде дагы 32 киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын билдирди.

Алматы шаарында – 1, Чымкент шаарында – 4, Акмолодо – 13, Кызылордодо – 7, Атырау облусунда – 3, Батыш Казакстан жана Караганды облустарында экиден кишиден вирус табылган. Күн мурун өлкөдө вирус жуктурган жаңы 30 учур катталган.

Жалпысынан 9-апрель күнү түшкө чейин өлкөдө коронавирус жугузгандардын саны 759га жетти. Алардын ичинен 54 киши айыгып, бешөө көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий