• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 1711ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны 1711ге жетти. Алардын ичинен 19у каза болуп, 400 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

19-апрель күнү саат 23:10го карата өлкөдө дагы 35 кишиге коронавирус жукканы белгилүү болду. Жаңы учурлар Алматы жана Чымкент шаарларында, ошондой эле Батыш Казакстан, Алматы, Түркстан, Түндүк Казакстан жана Кызылордо облустарында катталды.

Алматыда вирус табылган сегиз кишинин жетөө медицина кызматкерлери. Алардын алтоо шаардагы Балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында, бирөө Борбордук клиникалык ооруканада иштейт.

Пикир

Оставить комментарий