• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда коронавирус жуктурган эки адам айыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирус жуктурган эки адам айыкты. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазат.

Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевдин айтымында, айыккан эки жаран эртең ооруканадан чыгарылат.

"Бул биринчи кезекте дарыгерлердин эмгеги", - дейт Абаев.

Учурда Казакстанда коронавирусту жуктурган 80 учур катталган: Нур-Султанда - 41, Алматыда - 31, Карагандада - 2, Шымкентте - 2, Алматы менен Актөбе облустарында бирден, Жамбылда - 1, Түндүк-Казакстан облусунда 1 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий