• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 284гө жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Казакстан Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 30-мартка карата коронавирус жуктурган кишилердин саны 284гө жетти.

Алардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларында эмделүүдө. 18 киши айыкты, бир аял көз жумду.

28-марттан тартып Алматы жана Нур-Султан шаарларында карантин режими күчөтүлдү. Жашоочулар дарыканга, азык-түлүк дүкөндөрүнө же жумушка гана бара алышат. Көчөдө үчтөн көп (үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары) кишинин топтолушуна тыюу салынды. Жашы жете элек өспүрүмдөр ата-энелеринин коштоосу менен гана көчөгө чыга алат.

Бул арада Чымкентте да карантин режими күчөтүлдү. 30-марттан тартып Атырау, Караганды, Темиртау, Шахтинск, Абай жана Саран шаарлары да карантинге жабылат.

Пикир

Оставить комментарий