• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда коронавирус жуктурган жарандардын саны 78 миң 486га жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Казакстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 1 миң 687 учур катталды. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Жаңы катталган учурлардын ичинен 776 адамда оорунун белгилери байкалган эмес. Ал эми бир күндө илдеттен 1 миң 268 жаран оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Казакстанда жалпы 49 миң 488 адам оорудан айыкса, илдетти 78 миң 486 жаран жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий